"Эркин-Тоо"

Кыргызстанда мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгү жогорулайт

Кыргызстанда бардык жарандар үчүн санариптик мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө багытталган пилоттук долбоор ишке кирди. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, долбоорду ишке ашыруу 2024-жылдын 30-апрелине чейин улантылат.

Анын алкагында жаран ар кандай мобилдик тиркемелер же капчыктар аркылуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды жана «Түндүк» мобилдик тиркемесинде бар санариптик документтерди оңой жана ыңгайлуу алууга болот. «Түндүк» мобилдик тиркемесинде жалпы 40 кызмат жеткиликтүү.

Мобилдик тиркемеде онлайн-режимде кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн жарандар электрондук кол тамга алуусу зарыл. Булутка негизделген электрондук кол тамга өлкө боюнча бардык калкты тейлөө борборлорунда (КТБ) берилет.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!