30-августтан тарта ички иштер органдарынын бөлүмдөрү жана Ички иштер министрлигинин ички аскерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөй баштайт.
ИИМдин маалыматына ылайык, 21-августта Улан Ниязбеков ички иштер органдары тарабынан коомдук тартипти сактоо багытында көрүлүп жаткан ыкчам чаралар, анын ичинде 31-август Эгемендүүлүк күнү, 1-сентябрь окуу жылынын башталышы, 10-сентябрь Ленин районунда Жогорку Кеңештин депутатын шайлоо жана башка маанилүү иш-чаралар учурунда коопсуздукту камсыздоо туурасында онлайн кеңешме өттү.
Кеңешмеде коомдук тартипти жана коопсуздукту сактоо боюнча иш-чаралардын планы бекитилди.
Калкты тез жана сапаттуу тейлөө максатында 28-августта ички иштер органдарынын бардык бөлүмдөрүндө машыгуулар өткөрүлөт.