Кыргызстанда 1-октябрдан тарта минималдуу пенсиянын өлчөмү 7500 сомго жетет. Бул тууралуу Социалдык фонддун өкүлү Жылдыз Кулжанова «Биринчи радиого» берген маегинде билдирди.
1-октябрдан тарта жогорулатуу төмөнкүлөргө тиешелүү болот:
• камсыздандыруу бөлүгү 50 000 сомдон ашпаган пенсиялар — алар 1,10 коэффициенти (10%) менен көбөйтүлөт (камсыздандыруу бөлүгүн жогорулатуунун минималдуу чеги 600 сомдон кем эмес);
• камсыздандыруу бөлүгү 50 000 сомдон ашкан пенсиялар — индексация 5000 сомдон ашпайт (камсыздандыруу бөлүгүн жогорулатуунун максималдуу чеги).
Маалыматта 7500 сом өлчөмүндө белгиленген минималдуу пенсия майыптуулук же башка негиздер боюнча төлөм алып жаткандарга тиешелүү эмес экени кошумчаланды.