"Эркин-Тоо"

Кыргызстанда мыйзамсыз курулган миңден ашык мечит, медреселер аныкталды

Кыргызстанда 3626 мечит, медреселер бар.  Алардын 1000ден көбү мыйзамсыз иштеп жатканы аныкталган.  Бул тууралуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Азамат Юсупов билдирди.

Ал бул тууралуу Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 10-декабрдагы жыйынында “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзам долбоору боюнча маалымат берип жатып айтты.

“Ошол 1000ден ашык диний жайлардын 88и каттоодон өттү. Ал эми 120 мечитти каттоого такыр мүмкүн эмес. Алар эч кандай макулдугу жок эле курулуп калган. Алардын арасында суунун жээгине, каналдын үстүнө курулуп калгандары бар. Азыркы мыйзам долбооруна биз мечитти курганга чейин алар жергиликтүү бийликке, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияга жана Курулуш, архитектура, турак жай жана коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине кайрылат деп жаздык. Биз ошол аймакка мечит курууга муктаждык бар жогун карап анан курулушу башталат”, — деди ал.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!