Садыр Жапаров Элдик курултайда элге кайрылуу жасап жатып, коомдун түпкү негизи болгон үй-бүлө институтуна коркунуч келтирип, тынчсыздандырган тенденция жаралганын айтты.
«2024-жылы 45 миңден ашык нике катталып, ошол эле кезде 13 миңден ашуун ажырашуу болгон. Эки башка жолго түшкөн жубайлардын саны 2023-жылга караганда дээрлик 6%га көбөйгөн», — деди Президент.
Мамлекет башчысы үй-бүлөнү бекемдөөгө азыртан көңүл бурулбаса, келечекте социалдык, экономикалык жана демографиялык кесепети чоң болорун кошумчалады.

