"Эркин-Тоо"

Кыргызстанда очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Бүгүн, 2-майда саат 10:46да Кыргызстандын түштүк аймагында очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу КР Сейсмология институтунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Чаткал тоо кыркаларында, тагыраак айтканда Кашка-Суу айылынан түндүк-чыгышка карай 15 км, Жылгын айылынан батышка карай 20 км, Аркыт айылынан түндүк-батышка карай 25 км, Кербен айылынан чыгышка карай 25 км жана Ош шаарынан түндүк-чыгышка карай 155 км аралыкта жайгашкан.

Жер титирөөнүн күчү Аркы, жылгын, Кашка-Суу, Авлетим, Тегирмен-Сай айылдарында 3,5 балл, Достук айылында 3 баллга чейин сезилген.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!