Кыргызстанда ойлоп табуучу балдардын эл аралык күнү белгиленет

Кыргызпатент жыл сайын Кыргызстанда 17-январь – Ойлоп табуучу балдардын эл аралык күнүн белгилеп келет. Бул жылы майрам өзгөчө форматта өтөт. Каалоочулар иш-чарага онлайн жана оффлайн түрүндө катыша алышат, — деп билдирди Кыргызпатенттин басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, программада — инженердик мектептин ачылышы, “STEAM – билим берүү”, FABLab – гравировка жана лазердик кесүүчү станокту колдонуу боюнча мастер-класстар, графикалык дизайн боюнча киришүү сабагы, 3D принтерде басып чыгаруу үчүн 3D моделин түзүү, ошондой эле балдардын техникалык чыгармачылык көргөзмөсү уюштурулат.
Иш-чарага  Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Талас, Баткен облустарынын , Ош жана Кызыл-Кыя шаарларынын мектеп жана мектептен тышкаркы мекемелеринин жетекчилери, окуучулар болуп жалпысынан 3 000ден ашык адам катышат.
Иш-чара 17-январь күнү, саат 11:00дө Кыргызпатенттин Инновациялык борборунун базасында өткөрүлөт.
Майрамдык иш-чарага  бардык каалоочулар катыша алышат.
Дареги: Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 58а.
Тел.: (0312) 68-04-71, (0700) 84-83-29, (0770) 98-98-08, (0553) 18-81-93
Вставка изображения в HTML код страницы

Альтернативный текст