"Эркин-Тоо"

Кыргызстанда орус тилдүү 9 мектеп куруу маселеси талкууланды

Билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Догдуркүл Кендирбаева Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун Долбоордук блогунун аткаруучу директорунун милдетин аткаруучу Андрей Широков жана аталган фонддун Кыргызстандагы өкүлү Кубат Мурзаев менен жолугушту.

Министрликтен билдиришкендей, Кыргызстанда орус тилдүү жалпы билим берүүчү 9 мектептин курулушу жана техникалык тапшырмаларды даярдоо маселеси талкуулады.

Догдуркүл Кендирбаева мектепке чейинки билим берүүчү 3 сааттык программалар кошо камтылган «3 \ 1» форматындагы моделдик мектептерди түзүүнү сунуштады.

Ошондой эле ал РФ Агартуу министрлиги менен биргеликте окутуу технологиясын, санариптик класстарды ачуу жана аталган мектептердин келечектеги ишмердүүлүгү маселесин карап чыгуу зарыл экендигин билдирди.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!