"Эркин-Тоо"

Кыргызстанда Орусия киносунун күндөрү өтөт

Кыргызстанда 11-апрелден 14-апрелге чейин Орусия киносунун күндөрү өтөт. Бул тууралуу Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги кабарлады.

Иш-чара Орусиянын Маданият министрлигинин колдоосу менен Роскино тарабынан уюштурулган.

Бул жылы көрүүчүлөргө орус тилиндеги кыргыз субтитрлери менен «Вызов», «Снегирь», «По щучьему велению», «Воздух», «Чебурашка» көркөм тасмалары тартууланат.

Тасмалар Бишкек жана Ош шаарларында көрсөтүлөт:

Бишкек, “Манас” кинотеатры, Ч. Айтматов проспектиси, 47а дареги

11-апрель 19.00 – «Вызов»

12-апрель 19.00 – «Снегирь»

13-апрель

  • 15.00 – «По щучьему велению»
  • 19.00 – «Воздух»

14-апрель 15.00 – «Чебурашка»

Ош, «Семетей» кинотеатры, Раззаков көчөсү, 8 дареги

12-апрель 19.00 – «Вызов»

13-апрель

  • 15.00 – «Чебурашка»
  • 19.00 – «Снегирь»
  • 21.00 – «Воздух»

14-апрель 15.00 – «По щучьему велению»

Кирүү акысыз.