"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Маданият

Кыргызстанда Орусиянын маданият күндөрү өтөт

Маданият министрлиги маалымдагандай, Кыргызстанда Орусиянын маданият күндөрү өтөт.

Маданият министри Мирбек Мамбеталиев менен Россия Федерациясынын Маданият министри Ольга Любимова иш-чарага болгон даярдыктарды талкуулашты. Жолугушуу Бириккен маданияттардын XI форумунун алкагында өттү.

Мирбек Мамбеталиев улуу жазуучунун 100 жылдыгына карата 2028-жылы Санкт-Петербург шаарында Чыңгыз Айтматовдун эстелигин орнотуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштап, анын дүйнөлүк адабияттагы ордун белгиледи.

Мындан тышкары театр жана кино жаатындагы демилгелерди колдоо, ошондой эле Кыргызстандын чыгармачыл жамааттарынын Intervision 2025 сыяктуу эл аралык долбоорлорго катышуусун талкууланды.