"Эркин-Тоо"

 Кыргызстанда пенсиялык саясат өзгөрөт

Мамлекетке тиешелүү чегерүүлөрдү жасабай жүргөн жарандарга мындан ары жөлөкпул гана берилет.. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Ал социалдык тармакта жүргүзүлүп жаткан реформаларга токтолуп, соцкоргоо чөйрөсүнө жөлөкпулдар 2 жылда үч этап менен көтөрүлгөндүгүн эске салды.

«Мындан тышкар, президенттин социалдык контракт демилгеси ишке кирди. 100 миң сомдон берүү жакырчылыкты жеңүүнүн эффективдүү модели катары башталды. 2023-жылы 10 миң үй-бүлөгө берилди, натыйжада, 50 миң адамдын жашоо-шартын жакшырып, 30 миңдей жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө болууда. 2024-жылы 20 миң үй-бүлөгө берилет, бул максатта 2 млрд сом каралды», — деди ал.