"Эркин-Тоо"

Кыргызстанда пенсиянын орточо өлчөмү дээрлик 9,4 миң сомду түзөт

Кыргызстанда пенсиянын орточо өлчөмү жогорулагандан кийин 9 миң 354 сомду түздү. Бул тууралуу  Социалдык фонддун башчысы Бактияр Алиев маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, 2023-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 38%, 30 миң сомго чейинки пенсиялар үчүн 500 сомдон кем эмес көбөйдү.

“Пенсияны көбөйтүү үчүн 3,9 млрд сом каралган. Пенсиянын орточо өлчөмү жогорулагандан кийин 9 миң 354 сомду түзүп, мурункуга салыштырмалуу орточо эсеп менен 1 миң 692 сомго көбөйдү”, — деп маалымдады ал.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!