Кыргызстанда Нооруз майрамына арналган республикалык көк бөрү турнири башталды. Бул тууралуу Көк бөрү федерациясынан билдиришти.
Оюндар Бишкектеги “Ак-кула” ат майданында өтүүдө.
Командалар төрт лигага бөлүнгөн:
- Жогорку лига — 6 команда;
- Биринчи лига — 12 команда;
- Экинчи лига — 16 команда;
- Легендалар лигасы — 6 команда.
Турнирдин расмий ачылышы 15-мартка белгиленген, ал эми финалдык оюндар 21-март- Нооруз майрамында өтөт.