Кыргызстанда суу майга болгон муктаждыктын 48%ы сафлор өсүмдүгүнөн алынган суу майдын эсебинен камсыздалууда.
Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө Нарын облусунун Ак-Моюн айыл аймагындагы 100 гектар жерге сафлор эгилди. Ал эми буга чейин Ак-Жар жана Кара-Булуң айылдарындагы 50 гектар жерге сафлор эгилип, мол түшүм алынган.
«Сортту жаңылоо максатында Америкадан сафлордун жаңы сорту алынып келинип, учурда сыноодон өтүп жатат. Эгер жакшы жыйынтык берсе, уруктар өндүрүшкө киргизилет.
Сафлор кайрак жерлерде жакшы өсүп, май сыгылып алынгандан кийинки калдыгы тоют катары колдонулат. Майдын сапаты жогору болгондуктан, аны бала бакчаларга жана мектептерге берүү да каралууда», — деп билдирди министрлик.