"Эркин-Тоо"

 Кыргызстанда сасык тумоо боюнча абал кандай?

 Кыргызстанда сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекция боюнча эпидемиологиялык абал туруктуу. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин адиси Венера Алымкулова билдирди. Анын айтымында, өткөн жумада вирустук инфекцияларга чалдыккан 2 миң 500 учур катталса, дүйшөмбүдөн тарта бүгүнкү күнгө чейин 3 миң 500 учур катталды.

 

“Туура эмес тамактануудан, сергек жашоо образын карманбагандыктан, ооруган киши да, оорубаган киши да өздүк гигиена этикетин сакташпагандыктан курч вирустук оорулар дайыма кайталанып келүүдө. Учурда аба ырайынын кескин өзгөрүлүшүнөн сасык тумоо менен вирустук инфекциялардын саны көбүрөөк каттала баштады. Дарыгерлер оорунун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө”, — деген  Венера Алымкулова.

 

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!