"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Кыргызстанда сегиз ай ичинде 165,2 млрд сом салык жыйналды

2025-жылдын январь–август айларынын жыйынтыгы боюнча Мамлекеттик салык кызматы тарабынан 165,2 миллиард сом өлчөмүндө салык чогултулду. Бул тууралуу президенттин администрациясынын аппараттык жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди.

Анын айтымында, белгиленген план 9,2 миллиард сомго ашыкча аткарылып, салык түшүүлөр өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 47,4 миллиард сомго көбөйгөн.

Касымалиев Мамлекеттик салык кызматы менен Бажы кызматынын бюджеттин аткарылышындагы ийгиликтүү көрсөткүчтөрүн белгилеп, тийиштүү мамлекеттик органдарга ыраазычылык билдирди.