Кыргызстанда үстүбүздөгү жылдын үч айында шекердин баасы 19%га кымбаттады жана учурда анын килограммы 64,36 сомду түзүүдө. Бирок, Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча Лейлек районунун борбору Исфана шаарында шекер 69,33 сомдон сатылууда. Мындай кымбаттоолор жарандардын капчыгын жукартып, тиричилигин жакырлатууда. Ошондуктан, өлкөбүздүн Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги Россиядан арзан баада шекер жана өсүмдүк майы алып келинээрин убада кылууда.