"Эркин-Тоо"

Кыргызстанда соттолуп, Тажикстанга өткөрүлүп берилген тажик жарандары эркиндикке чыкты

Тажикстандын бийлиги Кыргызстанда узак мөөнөткө соттолуп, кийин Душанбеге өткөрүлүп берилген эки тажик жаранын эркиндикке чыгарды. Маалыматты Тажикстандагы “Озоди” радиосунан билдиришти.

КР Кылмыш-жаза кодексинин «Тынчтыкка каршы кылмыштар» жана «Талап-тоноо» беренелери боюнча күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыраткан.

Баткен облусунун соту Аскар Юнусов менен Абдурозик Абдукаххоровду КР Кылмыш-жаза кодексинин «Тынчтыкка каршы кылмыштар» жана «Талап-тоноо» беренелери боюнча күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыраткан. 2021-жылы декабрда Баткен облустук соту алардын жазаларын жумшартып, 20 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. 2022-жылы июнда алардын калган жаза мөөнөтүн мекенинде өтөөсү үчүн Тажикстанга өткөрүп берген.

Кыргызстандын күч органдары тажик жарандарын 2021-жылы апрель-май айларындагы чек ара жаңжалына байланыштуу кармашкан. Тергөөчүлөр алардын биринин телефонунан тажик чек арачылары менен бирге түшкөн сүрөттөрү табылганын билдирген. Экинчиси жаңжал учурунда кыргыз айылдарын талап-тоноого катышканы кабарланган.

Эске салсак, 2021-жылы апрель-май айларындагы чек ара жаңжалында Кыргызстан тараптан 36 киши (арасында эки бала) каза болуп, 180ден ашуун адам жаракат алган. Жалпы 136 үй, бир нече мектеп, бала бакча жана башка социалдык объектилер өрттөлүп, талкаланган.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!