Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде 29-октябрь Түркиянын Республика майрамы белгиленди. Маалыматты аталган окуу жайдын ЖМК жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнөн билдиришти.
Иш-чарага Азербайжандын Кыргызстандагы элчиси Латиф Сейфаддин оглы Гандилов, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Кыргызстандагы өкүлү Мехмет Давулжу, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору Алпаслан Жейлан, биринчи проректор Бактыгүл Каламбекова, университеттин жетекчилиги, профессордук-окутуучулук курамы, мекеме-уюмдардын жетекчилери, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жана студенттер катышышты.
Салтанаттуу иш-чара эки өлкөнүн гимндерин аткаруу менен башталып, андан соң Республика жөнүндө даректүү тасма көрсөтүлдү.
Түрк боордошторго терең урмат
Иш-чаранын ачылыш сөзүн сүйлөгөн Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин биринчи проректору, э.и.к Бактыгүл Каламбекова: “Түркиянын арышы кенен, түбөлүгү бекем, келечеги жаркын, ийгилиги арбын болсун! Боордош Түркия Республикасынын 100 жылдык тарыхы ыргалдуу жана теңтайлаш өнүгүүнүн, эгемендүүлүктүн жана демократиянын үлгүсүн көрсөтүп турат. Бул маанилүү күндө түрк дүйнөсү менен бирге болуу кубанычын сезүү бизди сыймыктандырат. Түбөлүктүү болсун! Кут болсун жүз жылдыгыңар!”-деген куттукттоо сөзүн билдирди.
КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан алгач Республика күнү майрамынын 100 жылдыгы менен куттуктап: “Бүгүн Түркия Республикасынын 100 жылдыгын белгилөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон бул маанилүү күндө сиздер менен бирге болгонума абдан сыймыктанып, толкунданып жатам. 100 жыл мурда Гази Мустафа Кемал Ататүрк жана анын куралдаш жолдошторунун жетекчилигинде башталган эгемендүүлүк үчүн күрөш улутубуздун чечкиндүүлүгү жана туруктуулугунун аркасында жеңиш менен аяктап, Түркия Республикасынын пайдубалы ушул улуу жеңиш менен түптөлгөн. Түркияда ай-жылдыз жаркырап турганда Борбор Азиядагы боордошторубуз үмүт кылып, бул үмүт гүлдөп, чынарга айланды.
Түркия Республикасынын азыр дүйнөнүн эң күчтүү армиясына, эң күчтүү экономикалык абалга жана эң күчтүү деңиз флотуна ээ болгон өлкөлөрдүн бири экенин билебиз. Жашасын Түркия Республикасы!”-деген сөздөрүн айтты.
Концерттик иш-чарада Мустафа Кемал Ататүрктүн эң жакшы көргөн элдик ырлары жана “Толкуп жатты Карадеңиз” сыяктуу түрк дүйнөсүнө таанымал күүлөр жаңырды.
100 жылдыктын урматына шамана кармап жөө жүрүш өттү
“29-октябрь Түркиянын Республика майрамы» 100 жылдыктын урматына коюлган концерттен соң шамана (факел) кармап жөө жүрүш өттү. Университеттеги «Республиканын 100-жылдыгы» жаңы көчөсүндө желектер жана факелдердин коштоосунда өткөн жөө жүрүш Республиканын 100 жылдыгын куттуктап ырдаган гимндер менен уланды
Ректор Жейлан жөө жүрүштө сүйлөгөн сөзүндө: «Түрк мамлекеттеринин уюму биримдикте болсо, бизди эч ким жок кыла албайт. Түркия Республикасы кылымдар бою жашасын! Жашасын биримдигибиз!»-деди жана «Бир бололу, ири бололу, жигердүү бололу!»- деген Хажы Бекташ Велинин насааты менен сөзүн аяктады.
Факел кармап жөө жүрүштө Азербайжандын Кыргыз Республикасындагы элчиси Латиф Сейфаддин оглы Гандилов: “Бүгүн бүткүл түрк дүйнөсүнүн майрамы. Ататүрк айткандай, түрк эли акылман эл. Түркия чоң республика жана анын тегерегинде алты түрк мамлекети бар. Биз биримдикте болгонубузда бизди эч ким жыга албайт. Түркия Республикасынын 100 жылдыгы кут болсун!”,- деди.
Белгилей кетсек,жыл сайын 29-октябрда түрк эли өзүнүн негизги улуттук майрамы – Республика күнүн белгилейт. 1923-жылы дал ушул күнү Түркия республика болуп жарыяланган.