"Эркин-Тоо"

Кыргызстанда Tik Tok жабылат

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги  «Tik Tok» платформасынын ишин токтотуу жөнүндө чечим кабыл алды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык,  Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин дарегине бир катар бейөкмөт уюмдардын «Tik Tok» социалдык тармагынын балдардын психикалык өнүгүүсүнө жана ден-соолугуна тийгизген терс жана зыяндуу таасирине байланыштуу тынчсызданган кайрылуулар көбөйгөн.

Министрлик тарабынан бул социалдык тармактын контентине мониторинг жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө “Tik Tok” платформасын колдонууда балдардын ден-соолугуна жана өнүгүүсүнө зыян келтирүүчү маалыматты чектөөлөр жана ошондой эле курактык категорияны контролдоо функциялары киргизилбей жаткандыгы аныкталган.

Чечим КР мыйзамдарынын алкагында андан ары ишке ашыруу үчүн өлкөнүн Санариптик өнүктүрүү министрлигине жөнөтүлдү.