"Эркин-Тоо"

Кыргызстанда тоютту экспорттоого убактылуу тыюу салынды

Кыргызстанда тоютту ташып чыгууга убактылуу тыюу салынды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн Кыргызстандан ташып чыгууга (экспорттоого) (реэкспорттон, транзиттен, ошондой эле Министрлер Кабинети көрсөткөн гуманитардык жардамдан сырткары) алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салынды.

Белгилей кесек, КР Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен тышкары ташып чыгууга  убактылуу тыюу салынган айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүнүн тизмесинде тоют (чөп, саман, комбикорм, акшак жана дан эгин тоюту),арпа, күрүч жана сулу бар.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!