"Эркин-Тоо"

Кыргызстанда Улуттук бакубатчылык фонду түзүлөт

Кыргызстанда Улуттук бакубатчылык фондун түзүлөт. Идея өлкө башчысы Садыр Жапаров тарабынан колдоого алынды.

Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Садыр Жапаров Franklin Templeton Глобалдык инвестициялык-финансылык холдингинин башкы инвестициялык директору Манрадж Секхон баштаган делегацияны кабыл алды.

Жолугушууда Манрадж Секхон өзүнүн ишмердүүлүгү жөнүндө айтып берип ошондой эле Кыргызстанда Улуттук бакубатчылык фондун түзүү боюнча идеялары менен бөлүшкөн.

Фонддун максаты — мамлекеттик ишканаларды башкаруунун натыйжалуулугун жакшыртуу, капиталды жана стратегиялык инвестицияларды тартуу, ошондой эле башка социалдык-экономикалык көрсөткүчтөргө жетишүү болуп саналары айтылды.

Фонд Кыргыз фондулук биржасында жана глобалдык аянтчалардын биринде листингден өткөрүлөт.

 

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!