Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 39 ардагери бар. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Аймактар боюнча алганда ардагерлердин басымдуусу Бишкек шаарында жашайт. Бишкек шаарында – 22, Чүй облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 5, Нарын облусунда – 2, Ош шаарында – 1, Жалал-Абад облусунда – 5 ардагер бар.
Ошондой эле өлкөдө 552 ооруктун эмгекчилери жашайт.