Бул тууралуу бүгүн брифингде саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматулаев билдирди. Анын айтымында өлкө боюнча 54 миң 101 адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Акыркы бир сутка ичинде коронавируска каршы 6 миң 295 адам эмдөөдөн өтсө, анын ичинен 2 миң 196сы экинчи дозасын алышкан.