"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Медицина

Кыргызстанда Ядролук медицина борбору түзүлөт

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Улуттук онкология жана гематология борборунун базасында Ядролук медицина борборун түзүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев Бишкекте өткөн Улуттук борбордун 65 жылдыгына арналган эл аралык конференцияда билдирди.

Министрдин айтымында, долбоор онкологиялык кызматтын өнүгүшүндө стратегиялык мааниге ээ болуп, диагностиканын сапатын жогорулатып, бейтаптардын жашоо көрсөткүчүн жакшыртууга өбөлгө түзөт.

Министр «Росатом» мамлекеттик корпорациясынын колдоосу менен долбоорду тез арада ишке ашырууга үмүт артаарын белгиледи. Бул боюнча «Росатом» улуттук ядролук медицина борборун курууну толук колдоп, долбоорго ар тараптан көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Белгилей кетсек, «Росатом» 2022-жылдан бери Кыргызстанга технологиялык жана методикалык жардам көрсөтүп, адистерди окутуп, зарыл жабдууларды жеткирип келет.