2023-жылдын январь-июнь айларында Кыргызстанда 3 миңге жакын жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынан билдиришти.
Улуттук статистикалык комитеттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, өткөн жылдын январь-июнь айына салыштырмалуу кырсыктардын саны 1,3 пайызга азайган.
Маалыматка ылайык, жол кырсыктарынын эң көп үлүшү Бишкек шаарына — 45%, Чүй облусуна — 19% жана Ош облусуна — 10% туура келет. Кырсыктан 4,4 миң адам жабыр тарткан. Бул 2022-жылдын январь-июнь айларына салыштырмалуу 5 пайызга аз, каза болгондор — 269 адам, же 8,5 пайызга көп.