Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. Маалыматка караганда 2024-жылдын экинчи кварталынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда жашоо минимуму 8 144 сомду түзгөн.
Бул көрсөткүч үч ай ичинде 375 сомго жогорулаган, ал эми өткөн жылдын ушул маалына салыштырмалуу 467 сомго өскөн (2023-жылдын экинчи кварталында 7 677 сом болчу). Жашоо минимумунун эң жогорку көрсөткүчү Бишкек шаарында (8 347 сом), Жалал-Абад (8 311 сом) жана Баткен (8 190 сом) облустарында байкалган. Ал эми эң азы (7 646 сом) Чүй регионунда экени айтылат. Мындан тышкары, эмгекке жөндөмдүү курактагы жарандардын жашоо минимуму 9 125 сом, пенсионерлердики 7 252 сом, балдардыкы 6 893 сом деп белгиленген.