"Эркин-Тоо"

Кыргызстанда жашоо минимуму 8 253 сомду түздү

Кыргызстанда жылдын биринчи жарымында жашоо минимумунун орточо көлөмү жан башына 8 миң 253 сомду түздү.

Бул өткөн жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчкө салыштырмалуу 6,2%га өскөн. Улуттук статистика комитетинин маалыматында, эмгекке жарактуу калктын жашоо минимуму 9 217 сом. Ал эми пенсия курагындагылардыкы 7 282, балдардыкы 7 042 сомду түздү.

2024-жылдын биринчи жарымында жашоо минимуму 7 миң 769 сомду түзгөн.

Жашоо минимуму – адамдын күнүмдүк жашоо-тиричилигине жетиштүү азык-түлүк менен тейлөөнүн минималдуу наркын камтыган көрсөткүч.

Кыргызстанда расмий эсептөө боюнча быйыл январь-февраль айларында орточо айлык акы 39 миң 456 сомду түзгөн.