"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Кыргызстанда жаңы “Кордон” авторадары ишке кирди

Кыргызстанда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого багытталган “Кордон” аттуу жаңы авторадар сыноо режимде иштеп баштады. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы маалымдады.

Маалыматка ылайык, бул заманбап аппарат түнкүсүн да жол эрежесин бузгандарды автоматтык түрдө сүрөткө жана видеого тартып, катталган бузууларды “Коопсуз шаар” долбоору аркылуу Мониторинг борборуна жөнөтөт.

“Кордон” авторадары төмөнкү учурларды аныктай алат:

  • ылдамдыкты ашыруу;

  • карама-каршы тилкеге чыгуу;

  • жол чийиндерин бузуу;

  • издөөдө жүргөн автоунаалар;

  • айып пулдарын төлөбөгөн жана каттоосу убактылуу токтотулган унаалар.

ЖКККББ билдиргендей, бул жабдуулар жол кырсыктары көп катталган аймактарга орнотулат. Максат — жол эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөп, кырсыктардын алдын алуу.