Июлда Кыргызстанда жилик чучугун алмаштыруу боюнча алгачкы операцияны жасоо пландалып жатат. Бул тууралуу Алымкадыр Бейшеналиев Sputnik Кыргызстан агенттигиндеги маегинде билдирди. Анын айтымында, операцияга үч бөбөк жана рак болгон бир чоң адам даярдалууда.
«Өлкөдө жилик чучугун алмаштыруу боюнча көйгөй жаралып келген. Бул оору менен көбүнчө балдар жабыркайт, чоңдор дагы бар. Аны дарылоо чоң сумманы талап кылат. Чет өлкөдө операция 100-160 миң доллар турат. Биз жабдуунун баарын алдык. Трансплантологдор Россия менен Түркиядан окуп келишти», — деген министр.