"Эркин-Тоо"

Кыргызстанда ЖОЖдорго кышкы кабыл алуу 25-декабрда башталат

Кыргызстанда жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу 25-декабрда башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу 4 тур менен жүргүзүлөт:

I тур – 2023-жыл, 25-30-декабрь,
II тур – 2024-жыл, 8-13-январь,
III тур – 2024-жыл, 15-20-январь,
IV тур – 2024-жыл, 22-27-январь.

Жогорку окуу жайлардын ректорлоруна абитуриенттерди тандоо турларын жана кабыл алууну өткөрүүнүн бекитилген графиктеринин мөөнөттөрүн сактоону камсыз кылуу милдеттендирилет.

Пример HTML-страницы