"Эркин-Тоо"

Кыргызстанда жыл башынан бери ИДПнын көлөмү 3,3% өстү

Кыргызстанда январь-сентябрь айларында ички дүң продукт (ИДП)  алдын ала баалоо боюнча 677,2 млрд. сомду түзгөн. Бул тууралуу брифингде Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов билдирди.

Анын маалыматына караганда, бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,3%га өскөн.

Шокенов ИДПнын көлөмү өнөр жай (15%), тейлөө (53%), айыл чарба (9%) жана курулуш (5%) тармагынын өсүшү менен шартталгандыгын кошумчалады.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!