"Эркин-Тоо"

Кыргызстанда жыл башынан бери кызамык оорусунун 2,3 миң учуру катталды

Кыргызстанда 2023-жылдын башынан бери кызамык оорусунун 2 миң 316 учуру аныкталды. Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматына таянып Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Аймактар боюнча: Бишкек шаары – 660 учур, Ош шаары – 302 учур, Ош облусу – 654 учур, Баткен облусу – 93 учур, Чүй облусу – 277 учур жана Жалал-Абад облусу – 170 учур, Талас облусу – 84 учур, Ысык-Көл облусу облуста – 65 учур, Нарын облусунда – 11 учур. Оорулардын көбөйүшүнүн негизги себеби кызамык жана кызылчага каршы пландуу эмдөө менен балдарды жана чоңдорду камтуунун кыскарышы болуп саналат.

Кызамык вирусунун жүгүртүүсүн азайтуу  жана андан ары жайылышын алдын алуу максатында Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан 2023-жылдын 18 — 29-сентябрь аралыгында Бишкек, Ош шаарларында, Ош жана Чүй облустарында 9 айдан 7 жашка чейинки балдар арасында эмдөө жүргүзүлүүдө.