"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Кыргызстанда жылына 20 тоннадан ашык алтын казылып алынат

Кыргызстанда бир жылда 20 тоннадан ашык алтын өндүрүлөт. Бул тууралуу Экология министринин орун басары Алишер Калилов билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда Кыргызстанда 14 тоо-кен ишканасы тогуз ири алтын кенин иштетүүдө. Алардын катарына Кумтөр, Макмал, Солтон-Сары, Жерүй, Тереккан, Иштамберди, Жамгыр, Караказык жана Талды-Булак Сол жээк кирет.

Мындан тышкары, чачыранды алтын казып алуу иштери Жалал-Абад, Нарын жана Чүй облустарындагы Сүлү-Тегерек, Каратөбө Бузук, Баймак, Иштамберди, Чанач, Күмбөлсу, Кынды, Токойлуу жана Карабулак кендеринде жүргүзүлүүдө.