"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Кыргызстандагы эң таза шаар жана айыл аймагы аныкталды

Кечээ, 29-декабрда, «Эң таза шаар» жана «Эң таза айыл аймагы» республикалык сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталып, сыйлыктар тапшырылды.

Иш-чарага Жаратылыш ресурстары министри Медер Машиев жана Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев катышты.

Маалыматка ылайык, «Эң таза айыл аймагы» катары Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ак-Муз айыл аймагы аныкталды. Аларга Шумкар маркасындагы автоунаа алуу үчүн сертификат берилди. Ал эми Баткен облусунун Раззаков шаары «Эң таза шаар» аталып, таштандыларды сорттоо линиясына сертификат тапшырылды.

Ошондой эле Чүй облусунун Орловка шаарына «Хельветас» уюму тарабынан Швейцариянын «Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу» долбоорунун алкагында даярдалган кошумча сыйлык, үч дөңгөлөктүү мотороллер ыйгарылды.

Иш-чаранын алкагында экология тармагын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкон өнөктөштөргө да сыйлыктар тапшырылды.