"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Кыргызстандагы эң ири ишканалар кайсылар?

Улуттук статистика комитети Кыргызстандагы реалдуу сектордун эң ири ишканаларынын рейтингин жарыялады. Рейтингдин алдыңкы ондугунда төмөнкү ишканалар кирди:

  • «Кумтөр Голд Компани» ЖАК — Ысык-Көл облусу (кайра иштетүү өнөр жайы);
  • «Кыргызстан Аэропорттору» ААК — Бишкек шаары (транспорттук ишмердүүлүк жана жүктөрдү сактоо);
  • «Альянс Алтын» ЖЧК — Талас облусу (кайра иштетүү өнөр жайы);
  • «Алтынкен» ЖЧК — Чүй облусу (кайра иштетүү өнөр жайы);
  • «НУР Телеком» ЖЧК — Бишкек шаары (байланыш);
  • «Альфа Телеком» ЖАК — Бишкек шаары (байланыш);
  • «Эти Бакыр Терексай» ЖЧК — Жалал-Абад облусу (пайдалуу кендерди казып алуу);
  • «Кыргыз темир жолу» УК» МИ — Бишкек шаары (транспорт жана жүктөрдү сактоо);
  • «Газпром Кыргызстан» ЖЧК — облустук бөлүнүшү жок ишканалар (энергоресурстар менен камсыздоо);
  • «Умай Групп» ЖЧК — Бишкек шаары (дүң жана чекене соода).

Белгилей кетсек, изилдөөдө 2024-жылдын аягына карата экономиканын реалдуу секторунун 32 759 ишканасынын маалыматтары колдонулду.