Кыргызстандан 229 абитуриент Сибирдеги Горно-Алтайск, Омск жана Томск шаарларында жайгашкан жогорку окуу жайларга тапшырышты. Алардын 203ү бюджеттик негиздеги окууга өткөн. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Кыргызстандын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугунун, ошондой эле КРнын Омск шаарындагы консулу Н.Исабек уулунун көмөгү менен 3-7-июлда Кыргызстанда жогорудагы окуу жайлардын документтерин кабыл алуу жана сынактарды өткөрүү боюнча кабыл алуу иши уюштурулган.
Эскерте кетсек, КРнын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугу жана Нурсултан Исабек уулу Кыргызстандын мектептеринде Омск жана Томск университеттери тууралуу маалымат беришип, таныштыруу ишин жүргүзүшүүдө.