Кыргызстандык ишкана Кытайга кургатылган өрүктүн алгачкы партиясын (23 тонна) ийгиликтүү жөнөттү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги маалымдады.
Маалыматка ылайык, экспорт кыргыз тараптын координацияланган ишинин негизинде ишке ашып, Кытайдын санитардык жана карантиндик талаптары толук аткарылды. Ошондой эле өндүрүм фитосанитардык көзөмөлдөн өтүп, тиешелүү сертификаттар берилди.