Түркиянын борбору Стамбул шаарында 31-июлдан 2-августка чейин өткөн Дүйнө чемпионатында Кыргызстандык өспүрүмдөр 10-орунду ээледи.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдиргендей, килемге Кыргызстандан 10 спортчу чыгып, алар коло медаль утуп алышты. Командалык эсепте Кыргызстандын курама командасы 41 өлкөнүн ичинен 10-орунду ээледи.
Белгилей кетсек, 17 жашка чейинки спортчулар арасында өткөн грек-рим күрөшү боюнча мелдеште жалпысынан 10 комплект медаль ойнотулду.