"Эркин-Тоо"
Спорт

Кыргызстандык атлет Денис Петрашов Россиянын ачык чемпионатына катышат

Сууда сүзүү боюнча Кыргызстандын курама командасынын мүчөсү Денис Петрашов 3-9-апрель күндөрү Казань шаарында өтө турган Россиянын ачык чемпионатына катышат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматы билдирди.

Суучулду анын башкы машыктыруучусу Евгений Петрашов коштоп барат. Атлет менен анын машыктыруучусу 1-апрелден 10-апрелге чейин Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын эсебинен Казань шаарына жөнөтүлөт.

Денис Петрашов 2019-жылдын июль айында Түштүк Кореяда өткөн дүйнө чемпионатында брасс түрүнөн сүзүүдө 100 метр аралыкты 1 мүнөт 0,94 секундада багындырып, Токио Олимпиадасына жолдомо уткан. Петрашов кыргызстандык спортчулардын арасынан алгачкылардан болуп Олимпиадага катышууга мүмкүнчүлүк алган.