Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.
Олимпиада оюндарына лицензия бере турган турнир 8-17-апрель күндөрү Алматы шаарында өтөт. Ага грек-рим күрөшүнөн Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Үзүр Жусупбеков, эркин күрөштөн Эрназар Акматалиев, Эламан Догдурбек уулу, Улукбек Жолдошбеков жана башкалар катышат. Ал эми кыздардан Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова, Назира Марсбек кызы күч сынашат.
Азия чемпионаты 13-18-апрель күндөрү болот. Мелдешке эркин күрөштөн Алмаз Сманбеков, Алибек Осмонов, Айаал Лазарев, грек-рим күрөшүнөн Урмат Аматов, Руслан Царев, Кайрат Түгөлбаев, Амантур Исмаилов, Атабек Азисбеков, Мурат Рамонов жана башкалар катышат. Кыздардан Айсулуу Тыныбекова менен Нураида Анаркулова күч сынашат. Спортчулар менен бирге алты машыктыруучу барат.