"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Маданият

Кыргызстандык бийчилер 30 өлкөнүн арасынан биринчиликти алышты

Спорттук бал бийи боюнча Дүйнөлүк чемпионатта (WDSF) кыргызстандык Вырлеев Владимир жана Прошлецова Мария алтын медаль тагынып, чемпион болушту. Бул тууралуу Кыргызстандын Бий спорту федерациясы билдирди.

Чемпионатка дүйнөнүн 30 өлкөсүнөн 65 бийчи жуп катышты. Алардын катарында АКШ, Румыния, Франция, Италия, Польша, Португалия, Грузия, Кытай жана Түштүк Африка болду. Мелдеш спорттук бал бийи боюнча эл аралык федерация WDSF тарабынан уюштурулду.

Белгилей кетсек, Дүйнө чемпиондугу Германиянын Бремен шаарында өттү.