"Эркин-Тоо"

Кыргызстандык боксчу дүйнө чемпиону болду

Кыргызстандын бокс боюнча өспүрүмдөр курама командасынын мүчөсү Амантур Жумаев арасында бокс боюнча дүйнө чемпиону болду. Бул тууралуу КРнын Бокс боюнча федерациясы билдирет.

Биринчилик Армениянын Ереван шаарында өтүүдө. Спортчу 52 кг чейинки салмакта катышып, финалдык беттеште армениялык атаандашын утуп алган.

Бокс боюнча юниорлор арасындагы биринчилик 24-ноябрда башталган, 4-декабрда аяктайт.

Белгилей кетсек, боксчу Амантур Жумаев буга чейин Казакстандын Астана шаарында өткөн биринчиликте (U-16) алтын медалга ээ болуп, Азия чемпиону аталган.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!