Кыргызстандык боксчу дүйнө чемпионатында финалга чыкты
Кыргызстандык боксчу Омар Ливаза Бириккен Араб Эмираттарында өтүп жаткан бокс боюнча дүйнө чемпионатынын финалына чыкты. Ал 63,5 кг салмак категориясында күч сынашууда. Алгач кыргызстандык Өзбекстандын намысын коргогон казак улутундагы спортчуну жеңген. Андан соң Армения, Азербайжан жана Замбиядан келген спортчуларды уткан. Омар Ливаза 13-декабрда финалда россиялык Илья Попов менен беттешет.
Скопируйте и вставьте этот URL на ваш сайт под управлением WordPress
Скопируйте и вставьте этот код на ваш сайт