Сауд Аравия Падышалыгында өтүп жаткан VI Ислам шериктештиги оюндарынын алкагында кыргызстандык спортчу Адина Көчкөнбаева дзюдо боюнча кыз-келиндер арасында күмүш медаль утту.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, Адина 63 кг салмак категориясында күч сынашып, мелдештин экинчи орунун багындырып, өлкө желегин желбиретти.
Жеңүүчүлөргө сыйлыктарды министрлер кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Улан Кыдырбаев тапшырды.

