"Эркин-Тоо"

Кыргызстандык дзюдочулар Азия чемпионатында эки медалга ээ болушту

Кыргызстандык дзюдочулар Азия чемпионатында эки медаль тагынды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.
Учурда Бангкок шаарында (Таиланд) кадеттер жана өспүрүмдөр арасында дзюдо боюнча Азия чемпионаты өтүп жатат.
«Мелдеште Кыргызстандын улуттук курама команданын мүчөсү, 90 килограмм салмактагы балбан Эмирхан Жолдошказиев алтын медаль, ал эми 73 килограмм салмак категориясында кармашкан Нурмухаммед Бакирдинов коло медаль жеңди», — деп айтылат маалыматта.
Чемпионаттын алкагында Кыргызстандын Улуттук дзюдо федерациясынын президенти Жолдошбек Көлбаев Азия жана Океания чөлкөмүндө дзюдо спортун өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн атайын медаль менен сыйланды.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!