2022-жылдын 10-18-июлунда мектеп окуучулары арасындагы химия боюнча 54-Эл аралык олимпиада онлайн режиминде өтүп, 2 окуучу коло медалга ээ болду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган олимпиадага дүйнөнүн 84 өлкөсүнөн 300дөн ашык мектеп окуучу катышты. Анын ичинде Кыргызстандын 4 мектеп окуучусу катышып, 2 окуучу коло медаль алышты.