Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курама командасынын оюнчусу, 18 жаштагы Адилет Каныбеков европалык команданын курамына чакырылды.
Каныбеков Чехиянын «Дукла» клубунун жаштар командасында ойнойт. Команданын спорттук директору Ян Станек кыргызстандык спортчуда футболчуга тиешелүү бардык сапаттар бар экенин айтты.
«Техникасы мыкты, топту жакшы башкарат. Анын улуту жана биздин оюнчуларга салыштырмалуу башка футболдук стилде “чоңойгону” аны баарынан айырмалап турат. Мына ушунусу менен кызык. Үчүнчү лига башталса, биздин команданын курамында футбол талаасына чыга баштайт”, — дейт Ян Станек.
Буга чейин Каныбеков Түркиянын «Бешикташ» жаштар командасында ойноп келген.