КРнын Президентинин 2022-жылдын 22-апрелиндеги №126 Жарлыгынын алкагында ишке ашырылып жаткан «Манастын изи менен» долбоору боюнча илимий экспедиция Россия Федерациясынын Дагестан Республикасында ишин улантууда. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.
Бул ирет изилдөө Кизляр шаарына караштуу Сангиши айылында өтүп, экспедиция мүчөлөрү айыл аксакалдары менен жолугушуп, ногой элинин фольклору жана уруулук тарыхы тууралуу маалыматтарды жазып алышты. Ногойлордун аксакалдар кеңешинин төрагасы Камалдин аксакал элдин генеалогиялык, маданий жана жоокердик баалуулуктары боюнча кеңири маалымат берди.
Изилдөө маалында Сангиши айылында жыйырмадан ашуун ногой уруусунун тамгалары түшүрүлгөн байрак бар экени аныкталды. Мындан тышкары, Сулак районундагы мектептерде ногой тили окутулары, бирок салттардын унутулуп баратканы белгиленди. Сулак көрүстөнүндөгү байыркы таш белгилер каралып, уруулук тамгалардын колдонулушу боюнча маалыматтар чогултулду.
Дагестандагы иш сапардын алкагында Р. Гамзатов атындагы Улуттук китепканада тегерек стол өтүп, ногой элинин тарыхы талкууланды. Ошондой эле Дагестан Республикасынын Борбордук мамлекеттик архивинен “Манас”, “Манаскент” аттуу жерлер жана 1886–1924-жылдардагы архивдик документтер изилденди.
Экспедицияны “Түрк элдеринин Конгресси” эл аралык бирикмесинин вице-президенти Янгурчи Ажиев коштоп жүрдү. Иш-чара Кыргызстандын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги, Улуттук илимдер академиясынын Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институту тарабынан уюштурулуп, Дагестандагы “Садака” ассоциациясы коомдук бирикмеси тарабынан колдоого алынды.
Экспедициянын курамы: А. Сейизова, Ж. Орозобекова, П. Абдыбаева, Н. Бекмухамедова, М. Токтогулов, А. Конушбеков жана И. Магомедов.

