"Эркин-Тоо"

Кыргызстандык каратэчилер Казакстанда өтчү Дүйнө чемпионатына катышат

 Кыргызстандын каратэ киокушинкай-кан боюнча улуттук курама командасы Дүйнө чемпионатына катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.

Биринчилик Казакстандын Алматы шаарында 24-26-ноябрга чейинки аралыкта өтөт.

Курама команданын тизмеси:

  • 45 кг — Ева Нурманбетова (12-13-жаш);
  • 47 кг — Максим Дахин (12-13 жаш);
  • 55 кг — Анвар Айдараилев (16-17 жаш);
  • +75 кг — Тимур Нурманбетов (16-17 жаш);
  • 70 кг — Бабур Абзалимов (чоңдор арасында);
  • 42.5 кг — Александр Шефченко (12-13 жаш);
  • 50 кг — Селин Алисултанова (12-13 жаш);
  • 50 кг — Милана Зацепилина (14-15 жаш);
  • 47.5 — кг Абдулвахид Гарапов (14-15 жаш);
  • 60 кг — Шамил Орозбек уулу (чоңдор арасында);
  • +85 кг — Айдын Махмудов (чоңдор арасында).

Курама команда башкы машыктыруучу Шевченко Сергейдин жетекчилиги алдында мелдешке катышат.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!